• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси иш сапары менен Кастамону шаарына барды

Саясат 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 6-7-февралында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев иш сапары менен Кастамону шаарына барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапарынын жүрүшүндө элчи Кубанычбек Өмүралиев Кастамону аймагынын губернатору Яшар Карадениз менен жолугушту.Тараптар эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык жана гуманитардык-маданий өз ара кызматташууну кеңейтүү зарылдыгын белгиледи, мындан сырткары Кастамону аймагында жашаган кыргыз жарандарын коргоо маселелерин талкуулашты.

Кастамону шаарынын мэринин орун басары Нурай Чолак менен болгон жолугушууда тараптар боордош Нарын жана Кастамону шаарларынын ортосундагы мамилелерди кайрадан калыбына келтирип, кызматташтыкты күчтөндүрүү боюнча макулдашышты.

Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Кастамону университетинин ректору Ахмет Топал менен болгон жолугушуусунда Кастамону университетинде билим алып жаткан студенттердин маселелери менен биргеликте, жалпы эле билим берүү тармагы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Иш сапардын алкагында элчи Кубанычбек Өмүралиев Кастамонудагы Соода-өнөр жай палатасынын (KATSO) Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасына инвестиция кылуунун мүмкүнчүлүктөрү, бизнес жүргүзүү шарттары тууралуу баяндама жасады. Мындан сырткары бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн Кыргызстанга чакырды.

Кыргыз элчиси Kубанычбек Өмүралиев кыргыз жарандарын укуктарын жана мыйзам адындагы кызыкчылыктарын коргоо максатында Кастамону аймагынын Миграциялык бөлүмүнүн башчысы Эшреф Шахин менен жолукту.

Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Кастамон аймагынын Миграциялык бөлүмүнүн башчысы Эшреф Шахин жана жооптуу кызматкерлер менен жолугушуусу болду. Жолугушууда Түркия Республикасында жашаган кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана Түркияда жашаган чет өлкөлүк жарандардын укуктары жана милдеттери жөнүндө талкуу жүргүзүлдү. Ошондой эле түрк тарап кыргыз жарандарынын суроолоруна жооп берди.

Кошумча маалымат: Кастамону шаары - Түркиянын түндүк бөлүгүндө жайгашкан Кастамону областынын административдик борбору болуп саналат. Кастамону областынын калкынын саны 380 миң киши. Ал эми Кастамону шаарынын калкынын саны 117 миң. 2018-жылы Кастамону шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары деп жарыяланган. Кастамону аймагынын экономикасы жыгач иштетүү өнөр жайына, айыл чарба, ички туризмге негизделген. Кастамону университети 2006-жылдын 1-мартында түзүлгөн. 2019-2020-окуу жылында студенттердин саны 32 миң болду. Университетте 13 факультет, 2 институт, 3 колледж, 13 кесиптик-техникалык окуу жайы жана 19 изилдөө жана колдонмо борборлору бар.

Пикир

Оставить комментарий