• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Консул Бийбосунов РФ ТИМинин Екатеринбургдагы өкүлүнүн башчысы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Күн мурун, 8-июнда Кыргыз Республикасынын Екатеринбургдагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Харлов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орус аймактар ​​аралык байланыштары, анын ичинде, соода-экономикалык кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле Россиянын Урал федералдык округунда убактылуу жашап/иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын маселелерине көңүл бурулду.

Консул Бийбосунов Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнө чет элдик консулдук мекемелердин башчыларына Курган облусуна сапар уюштуруп, аймактын өнөр жай, экономикалык жана инвестициялык потенциалы менен тааныштыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий