• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан Россиядан төрт аскердик тик учак алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Өзбекстандын Коргоо министрлиги Россиядан Ми-35М үлгүсүндөгү төрт аскердик тик учак алды. Бул тууралуу «Ташкент жаңылыктары» Телеграм-каналы кабарлады.

Буга чейин Россиянын «Новая газета» басылмасы 2019-жылдын төртүнчү кварталында Өзбекстанга төрт Ми-35М тик учагы, 2020-жылы сегиз тик учак жеткирилерин жазган.

Транспорттук-аскердик тик учак заманбап курал-жарактар менен жабдылган жана аба ырайынын түрдүү шартында күнү-түнү согуштук милдеттерди аткарууга ылайыкташкан. Ми-35М учагынын маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири — ал жүк кабинасында адамдар менен аскер жабдыктарын ташуу мүмкүндүгүнө да ээ.

Пикир

Оставить комментарий