• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Борбор Азия жана Кытай байланыш түзүүдө. Пекиндеги медиафорум

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Борбор Азия жана Кытай лидерлеринин саммитинен кийин эле Пекинде медиафорум өтүп, ага Бишкек, Астана, Ташкент, Ашхабад жана Душанбеден массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери катышууда. Анда журналисттик коомчулуктун өкүлдөрү байланыштарды жана өз ара аракеттенүү жаатында механизмдерди түзүшүүдө. Иш-чара Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги тарабынан демилгеленип, Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги, “Казакстан президентинин телерадиокомплекси”, “MEDIA TURKMEN” маалымат агенттиги, Өзбекстан менен Тажикстандын улуттук маалымат агенттиктери катышууда.

Синьхуа маалымат агенттигинин башкы директору Фу Хуа Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамиле жаңы доорго чыгып жатканын белгиледи. Эми медиа тармагындагы кызматташуу лидерлери туруктуу жана ишенимдүү өнүгүп жаткан аймакты түзө баштаган өлкөлөрдүн адилет образын түзүүгө кызмат кылышы керек.

Азыркы тарыхый мезгилде жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу жана алардын ийгиликтүү өз ара аракеттенүүсү айрым өлкөлөрдө да, аймактык масштабда да эгемендүүлүктүн жана тынчтыктын маанилүү факторуна айланып бараткан маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт.

"Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин мамилеси жаңы доорго кадам таштоодо. Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин медиа тармагындагы кызматташуусу да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты", - деди Фу Хуа.

"Кабар" маалымат агенттигинин директору белгилегендей, Сиань саммитинде түптөлгөн жаңы аймактык өнүгүүнүн пайдубалы Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын өз ара аракеттенүүсүнүн чек арасын кеңейтет, ошондуктан учурда медиа мейкиндигинде өз ара аракеттенүүнү куруу жана коомчулукка объективдүү маалыматтар жеткирүү өзгөчө маанилүү.

"Кыргызстан да биздин коңшулардай эле кайрадан калыптанып жаткан Жибек жолунун таяныч пунктуна айланып, биздин өлкөлөрдү тарыхый жактан бириктирип, маданий жактан байытып, Азия менен Европанын ортосундагы негизги соода жолдору өткөн көпүрөгө айланмакчы. Азыр жаңы тарыхый мезгил башталып, биз жаңы заманбап транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө, экономикалык жакындашууга күбө болуп, “Бир алкак, бир жол” долбоорунун алкагында Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөрдү сезип жатабыз.

Массалык информация каражаттарынын милдети — биздин өлкө лидерлери баштаган процесстердин чыгармачылык маңызын жана маанисин так ачып көрсөтүү. Биз Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда түзүлгөн жогорку деңгээлдеги ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн максаттарын жана милдеттерин жарандарыбызга кеңири жана оңой жеткирүүбүз керек. Ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу кандай пайда алып келерин коомчулукка кеңири айтып беришибиз керек, анткени аларды ишке ашыруу жакынкы аралыкта башталат", - дейт "Кабар" маалымат агенттигинин жетекчиси Медербек Шерметалиев.

Ошондой эле форумдун катышуучулары "Кытай - БА" огу боюнча өз ара аракеттенүү Кытай менен кызматташтыкты жана экономикалык өнүгүүнү чыңдоого гана эмес, Борбордук Азия мамлекеттеринин позицияларын бири-бирине жакындатууга дагы жардам берерин белгилешти. Бул аспектиде жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу эң актуалдуу болуп саналат жана алардын позицияларынын жакындашуусу Евразия континентинде түзүлүп жаткан аймактык өз ара аракеттенүүгө сырттан тоскоолдук кылуу аракеттерине каршы турууга мүмкүндүк берет.

Учурда Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн элдери үчүн экономикалык өз ара аракеттенүү өзгөчө мааниге ээ экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Кытай жакырчылык менен күрөшүү үчүн гана Борбор Азия өлкөлөрүнө 3,7 млрд доллар бөлгөн. Ошол эле учурда экономикалык кызматташтык мурда болуп көрбөгөндөй бийик чекке жетти.

"Кытайдан башталып Кыргызстандын аймагы аркылуу Өзбекстанга жете турган темир жол - Азиянын негизги транспорт түзүмүн Европа менен байланыштырган эң кыска жол болмокчу. Пекинден биздин өлкөгө жашыл технологиялардын негизинде электр энергиясын өндүрө турган электр станцияларын курууга колдоо көрсөтүлүүдө, ошондой эле тоо дарыяларына ГЭСтер, бүтүндөй шаарды электр энергиясы менен камсыздай турган күндөн энергия алуучу станциялар курулууда. Бул энергия чоң экономикалык жылыш үчүн, жаңы заводдор менен фабрикаларды, ошондой эле миңдеген жаңы жумуш орундарын түзө турган жогорку технологиялуу өндүрүштөрдү ачуу үчүн керек.

Борбор Азия үчүн бул туруктуулукка жана өнүгүүгө карай жол. Ошондуктан биз массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катары Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин тааныштырган "Жалпы адамзаттын тагдыры" концепциясынын алкагында Улуу Жибек жолунун кайра жаралуусу үчүн ишке ашырылып жаткан ар бир долбоору жөнүндө өз өлкөлөрүбүздүн жарандарына түшүнүктүү маалымат жеткирүүбүз керек", - деди Шерметалиев.

Пекинде өткөн медиа-форумдун жыйынтыгы боюнча Кытай жана Борбор Азиянын маалымат агенттиктеринин өкүлдөрү Сиань шаарында өткөн "Кытай - Борбор Азия" саммитинде мамлекет башчыларынын консенсусунун негизинде кызматташууну мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти. Дайыма жаңы натыйжаларга жетишүү үчүн кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу, кызматташуу форматтарын байытуу, прагматикалык достук кызматташтыкты өнүктүрүү зарылчылыгы белгиленди.

Тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу гуманитардык жана маданий алмашууларды жигердүү жүргүзүүгө, жогорку деңгээлдеги байланыштарды жана өз ара сапарларды бекемдөөгө, өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө үчүн кесиптик семинарларды, окуу курстарын жана башка иш-чараларды уюштурууга макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий