• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте бир катар мектеп жана бала бакчаларды оңдоого тендер жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы бир катар мектеп жана бала бакчаларды оңдоп-түзөө иштерине тендер жарыялады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, объектилердин оңдоп-түзөө иштери шаардык бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.

Тендер төмөнкү билим берүү мекемелерин оңдоп-түзөө иштерине жарыяланды.

1. №2 орто мектептин ички жылытуу системасын оңдоо;
2. № 9 мектеп гимназиясынын ички жылытуу системасын оңдоо;
3. № 55 орто мектептин шифер чатырын оңдоо;
4. №80 орто мектептин ички жылытуу системасын оңдоо;
5. №72 мектеп гимназиясынын ички жылытуу системасын оңдоо;
6. №28 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ички жылытуу системасын оңдоо"
7.№53 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин инженердик тармактарын бүтүрүү иштерине алмаштыруу менен ванна бөлмөлөрүн оңдоо;
8. Тышкы тосмону орнотуу;

Мэриядан белгилешкендей, сынак тууралуу толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.

Пикир

Оставить комментарий