• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

”Замандаш” коомдук фонду - партиянын ажырагыс бөлүгү

Коом 0

Бишкек, 03.12.18. /Кабар/. "Замандаш" саясий партиясынан кабарлашкандай, 2018-жылдын 17-мартында “Замандаш” саясий партиясынын кезектеги XII съезди болуп, анда партиянын негиздөөчүсү Өмүракунов Муктарбек Сүйүналиевичтин башкы идеологиясын бекемдеп, баштапкы ишин жандантып улантуу бир добуштан кабыл алынган.

"Буга утурлай 2003-жылы чет өлкөдөгү замандаштарга жардам берүү, коомдогу болуп жаткан көйгөйлөрдү, социалдык маселелерди чечүү максатында М.С.Өмүракунов тарабынан негизделген “Замандаш” коомдук фондунун иши жанданды жана жогоруда белгиленген маселелер боюнча аталган коомдук фонд иш алып барса, “Замандаш” саясий партиясы - саясий маселер аркылуу замандаштарына кызмат кылмакчы. ”Замандаш” коомдук фонду - партиянын ажырагыс бөлүгү. Ал эми “Замандаш” саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов “Замандаш” коомдук фондунун президентти болуп бекиди", - деп айтылат маалыматта.

2018-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыкка кол койгон. Аталган коомдук фонд кеңештин курамына кошулган.

Пикир

Оставить комментарий