• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аба ырайынын шарттарынан тоо лыжасынын туристтик сезону жабыркоодо – Туризм департаменти

Коом 0

Бишкек, 01.02.18. /Жамиля Жакыпбекова - Кабар/. Аба ырайынын шарттарынан улам тоо лыжасы туристтик сезону жабыркап жатат. Анткен менен туруктуу деңгээлде калууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директорунун орун басары Чубак Оморов билдирди.

Ал жада калса, премьер-министрдин катышуусундагы сезондун ачылышы дагы кар жок болгондуктан кеч өткөнүн эскертти.

“Айрым базалар жасалма карды колдонушууда. Ал эми кимде жок болсо, аларга иштөө кыйын болууда. Биздин тоо лыжасы базаларына келгендердин арасында көпчүлүгү – бул биздин туристтер, бирок алардын арасында казакстандыктар жана россиялыктар бар. Быйыл Өзбекстандан дагы келе башташты”, - деди ал.

Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңештин Катчылыгынын эксперти Аскат Сеитбеков Европанын лыжачылары кыйла терең аймактарга барууну каалашарын кошумчалады.

“Алар Суусамырга жана башка тоолорго барышат, себеби аларга фрирайт кызыктуу. Мындай маршруттарды уюштурган компаниялар бар, аларга медициналык кызматтар сунушталып, коопсуздук камсыздалат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий