• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2-3-майда туруксуз аба-ырайы күтүлөт, абанын температурасы төмөндөйт

Коом 0

Бишкек. 01.05.19 /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 2-3-майларда туруксуз аба-ырайы күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы, тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

3-майда Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 2-3 майларында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий