• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекке 124 жаңы автобус келди

Коом 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Бишкекке 124 жаңы автобус келди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн жаңы автобустарды “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасына расмий тапшыруу аземи өттү.

Аземге Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, ЕРӨБ директору Айтен Рустамова, финансы министринин орун басары Руслан Татиков жана Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года катышты.

"Узундугу 10,5 метр болгон кысылган жаратылыш газы менен иштеген 124 автобус Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан каржыланган "Жашыл шаарлар 2, терезе 2" программасынын "Бишкек автобустары" долбоорунун алкагында өлкөгө алынып келди.

Долбоор Япония өкмөтүнүн грантынын эсебинен да колдоого алынган.

"Бишкек автобустары" долбоору – бул жаңы транспорт каражаттарын сатып алуу гана эмес, жалпы эле транспорт системасын модернизациялоого карай жасалган кадам. Оңдоо-өндүрүштүк имаратты жана галереясы бар административдик имаратты реконструкциялоо каралган. Долбоордун алкагында ишкананын ресурстарын пландоо системасы (ERP) GPS-навигациясы менен ишке киргизилет, бул муниципалдык автобустук ишкананын натыйжалуулугун олуттуу жогорулатат.

Белгилей кетсек, жаңы автобустар жарандарды ыңгайлуу жана ишенимдүү ташууну камсыздайт, ошондой эле транспорттук парктын экологиялык таасирин азайтууга жардам берет.

Борбор калаанын мэриясы шаардын инфраструктурасын жакшыртуу жана шаар тургундарына бардык жагымдуу шарттарды түзүүгө болгон күч-аракетин жумшоодо.

Пикир

Оставить комментарий