• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чолпон-Атада Куткаруу кызматтарынын Биргелешкен илимий-техникалык кеңешинин 6-отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 2-июлда Чолпон-Ата шаарында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынына жана Өрткө каршы кызматтын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгынына карата уюштурулган иш-чаралардын алкагында Кыргызстан, Россия, Армения, Беларусь жана Казакстандын Куткаруу кызматтарынын Биргелешкен илимий-техникалык кеңешинин 6-отуруму өттү. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Отурумга КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов, Беларусь өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Андрей Юржиц, Казакстандын Өрткө каршы кызматынын төрагасы Нурболат Дербисов, Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Билим берүү жана илимий-техникалык ишмердүүлүк департаментинин директору Александр Бондар баштаган бир катар өкүлдөр катышты.

Отурумдун күн тартибине көзөмөлдөө органдарын өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн интеграциялоо, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда калктын жана аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында маалыматтык технологиялардын ролу жана орду, аймактык жана ведомстволук деңгээлдерде табигый кырсык коркунучун азайтуу жаатында программаларды жана пландарды интеграциялоо жана кеңейтүү, суу ташкынын болжолдоо, алдын алуу жаатында өз ара аракеттенүү жана кызматташуу маселелери коюлуп, катышуучулар ушул маселелерди талкууга алып, өздөрүнүн ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты.

Ошондой эле, XIII Эл аралык "Комлекстүү коопсуздук 2021"дин алкагында аткарылган иштердин жыйынтыктарын да карашты.

Маалымат үчүн: Биргелешкен илимий-техникалык кеңешинин биринчи отуруму 2003-жылы болгон. Кыргызстан бул кеңешке 2015-жылдан тартып мүчө. Кийин Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин Куткаруучу агенттиктердин биргелешкен илимий-техникалык кеңеши болуп аталып, 2017-жылы Казакстандын Ички иштер министрлигинин өтүнүчү менен Кеңеш Кыргызстан, Россия, Армения, Беларусь, Казакстан Куткаруу агенттиктеринин Биргелешкен илимий-техникалык кеңеши болуп өзгөртүлгөн.

Кеңеш бир катар биргелешкен илимий долбоорлорду демилгелеп, илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин натыйжаларын алмашуу, илимий-техникалык кызматташтык, биргелешкен машыгууларды жана семинарларды координациялоо жаатында иш жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий