• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик автоинспекциясына 85 жыл толду – Кайгуул кызматы ролик даярдады

Коом 0


Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы 3-июль – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик автоинспекциясынын түзүлгөн күнүнүн 85 жылдык мааракесине карата ушул тармакта эмгектенген кызматкерлердин жалпы ишмердүүлүгүн чагылдырып, кызматкерлерди куттуктоо иретинде ролик даярдады.

Кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, анда кызматкерлердин коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында аткарган иштери кеңири баяндалган.

"Урматуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында эмгектенген кызматкерлер, сиздерди 3-июль кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Кандай кана кырдаал болбосун аткарган ак кызматыңарды терең баалап, бекем ден соолук, кызматыңарга ийгиликтерди каалайбыз", - деп айтылат куттуктоодо.

Пикир

Оставить комментарий