• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектен Гоага түз авиакаттамдын ачылышы күтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Ата мекендик "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы Бишкек-Гоа-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамдарды ачканы турат.

Аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, "Манас" эл аралык аэропортунан Гоага түз учуулар биринчи жолу аткарылат.

Белгиленген багыт боюнча каттамдар ушул жылдын 20чы жана 28-декабрында аткарылары пландалууда.

Ошондой эле, "Аэро Номад Эйрлайнс" 2023-жылдын январь айында дагы 3 авиакаттамды ишке ашырганы турат: 5, 13, 21-январда.

Пикир

Оставить комментарий