• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте эки айдын ичинде 57 миңге жакын жол эрежеси бузулуп, 600 мас айдоочу кармалган

Коом 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматында 2022-жылдын 2 ай ичинде аткарылган иштер боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Кайгуул кызматынан кабарлашкандай, эки айда жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 56 миң 996 бузуулар жөнүндө протокол толтурулган.

Алардын ичинен :

- автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо - 372 ;

- мас абалында автоунаа башкаруу - 600;

- авто ээнбаштык - 7;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо - 144 ;

- коопсуз курун тагынбай автоунаа башкаруу - 14 870;

- токтоо эрежелерин бузуу, тыюу салынган жерлерде автоунааларды токтотуу - 32 912;

- башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 19 181;

- ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 889 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Түзүлгөн протоколдор үчүн жалпысынан бүгүнкү күндө 21млн 401 миң 750 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн. Ошондой эле 2 ай ичинде кайгуул кызматы тарабынан "102" линиясы боюнча 10 миң 330 чакыруу ыкчам жана сапаттуу тейленген.

Алсак, алардын ичинде:

- жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген жарандар - 2 878;

- “Коломто” муниципалдык жайына жеткирилгендер - 258.

"Ыкчам кеңешмеде мындан башка да аныкталган кылмыштар, жол кырсыгынын алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча маселелер каралып, жетекчилик тарабынан тийиштүү бөлүмдөргө тапшырмалар коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий