• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Көңүл бургула! 27-декабрдан тарта Бишкектин эки көчөсү бир тараптуу болот

Коом 0

Бишкек, 25.12.23./Кабар/. Бишкектеги Гоголь жана Сүйүмбаев көчөлөрү 27-декабрдан тарта бир тараптуу болот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти кабарлайт.

Маалыматка ылайык, учурда аталган көчөлөргө бир тараптуу кыймыл жол белгилери орнотулуп, сызыктар түшүрүлүүдө.

Бул өзгөртүүлөр жол тармагынын өтүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Белгилей кетсек, буга чейин маалымдалган 8 көчөдө бир тараптуу жана 2 көчөдө эки тараптуу кыймылды 2024-жылдын 14-январына чейин бүтүрүү пландалууда.

Эске сала кетсек, көчөлөрдүн төмөнкү тилкелеринде бир тараптуу кыймыл уюштурулат:
- Ж.Турусбеков көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);
- Т.Үмөталиев көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);
- К.Акиев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);
- К.Тыныстанов көчөсү М.Фрунзе көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);
- И.Раззаков көчөсү Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);
- А.Орозбеков көчөсү Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);
- Гоголь көчөсү Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө карай);
- А.Сүйүмбаев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай).

Эки тараптуу кыймыл:
- Т.Кулатов көчөсүнүн И.Панфилов көчөсүнөн Ю.Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүн Эркиндик проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Транспорт департаменти айдоочуларга кайрылып, жогорудагы өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, жолдордо этият болуп, жол эрежесин сактоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий