• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар азайды

Ден соолук 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар азайды, деп билдирди Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мамлекеттик департаменти.

Адистердин маалыматы боюнча, 2023-жылдын 51-жумасына (12.18-12.24.23) карата республика боюнча 16 миң 223 курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоого чалдыгуу учуру катталган (сасык тумоонун индекси 230,1), өткөн жумага салыштырмалуу +40,2% га өскөн.

2022-жылдын ушул эле жумасына (489,5) салыштырмалуу оорунун -2,1 эсеге азайышы байкалган.

Бул эпидемиологиялык сезондо А тумоосу, ошондой эле башка респиратордук вирустук инфекциялар сыяктуу эле, негизинен, айланууда.

Пикир

Оставить комментарий