• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ССМ: 20 миң убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары электрондук форматта түзүлдү

Ден соолук 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Республиканын бардык саламаттык сактоо уюмдарында “Санарип убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары” маалымат системасы ишке ашырылууда.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө 20 миңден ашык убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары электрондук форматта түзүлдү.

Ошондой эле санарип убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары юридикалык күчкө ээ, тиешелүү токтомго үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Маалымат үчүн: Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы жөнүндө санариптик маалымкат – бул саламаттык сактоо уюмдары кагаз жүзүндө берген, азыр атайын маалыматтык системанын жардамы менен толтурулат, өткөрүлүп берилет жана сакталат.

Ооруга байланыштуу өргүүнү алуу үчүн portal.tunduk.kg порталына же Tunduk мобилдик тиркемесине кирип, андан соң «Ден соолук» бөлүмүнө өтүп, «Эмгекке жарамсыздык баракчасын» тандоо керек.

Маалымат системасы маалыматты коргоо жана анын купуялуулугун сактоо үчүн бардык зарыл шарттарды камсыз кылат. Кызматкердин диагнозу жөнүндө маалымат иш берүүчүгө берилбейт, документти берүү себептери гана (оору, кош бойлуулук жана төрөт, карантин, жаракат алуу жана кырсык, кесиптик оору, бейтапты кароо) көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий