• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМдин мурдагы кызматкери Бекболот Нажимидиновго тез аранын ичинде жардам керек

Ден соолук 0

Бишкек, 14.12.17. /Кабар/. Нажимидинов Бекболот Тажибаевич – 29 жашта, ага дарыгерлер “боор циррозу” диагнозун коюшкан.

Бекболот КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен шаардык ӨКМнин №86017 аскердик бөлүгүндө кызмат өтөгөн. 2014-жылы ден соолугуна байланыштуу 2-даражадагы майыптык алып, аскердик кызматтан бошотулган.

Учурда Бекболотко бооруна тезинен операция жасатуу үчүн 35 миң АКШ доллары керек, кымбат баалуу операция Индияда жасалат.

Бекболот Нажимидинов – үй-бүлөлүү, бир уул бир кыздын атасы. Учурда жумушсуз жана кошумча киреше булактары жок.

Боор оорусу менен жабыркаган Бекболот кайдыгер карабаган, боорукер инсандардын жардамына муктаж.

Бекболотко жардам берүүнү каалагандар төмөнкү эсепке акча которуп, кайрымдуулук кылсаңыздар болот!

“РСК БАНК” ААК

БИК:129041

Эсеп № 1290413480000075

Алуучу: Нажимидинов Бекболот Тажибаевич - №04102417348201000568

Пикир

Оставить комментарий