• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 25.12.23./Кабар/. Ошто Жогорку Кеңештин экс-депутаты, “Алыш” күрөшүнүн негиздөөчүсү Баяман Эркинбаевдин элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өттү.

Турнир 21-24-декабрь күндөрү Ош шаарындагы «Кыргыз-иран достугу» спорт комплексинде өткөн. Ага Өзбекстан жана Кыргызстандан 200гө жакын спортчу катышты.

Спортчулар 10 салмак категориясы боюнча күч сынашты.

Жеңүүчүлөргө Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медалдар, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий