• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук кураманын коргоочусу Бекжан Сагынбаев "Абдыш-Ата" клубуна өттү

Спорт 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын коргоочусу Бекжан Сагынбаев канттын "Абдыш-Ата" клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

"Абдыш-Ата" КПЛ 2023-жылкы сезонунда экинчи жолу өлкөнүн чемпиону болду. Ата-мекендик клубду мартта АФК Кубогунун плей-офф баскычынын оюндары күтөт.

Өткөн сезондо Бекжан Сагынбаев "Дордойдун" курамында 13 беттеш өткөрдү.

Сагынбаев Кыргызстандын улуттук курамасында 2018-жылдын 22-март күнү Мьянма менен болгон беттеште дебют жасаган. Ал курама үчүн жалпысынан 42 беттеш өткөрүп, 4 гол киргизген.

Пикир

Оставить комментарий