• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад жана Чүй облустук соттору 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарышты

Коом 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облусунун жергиликтүү сотторунун 2023-жылдагы ишмердүүлүгүн жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Жыл жыйынтыгы чыгарылган отурум видеоконференц форматында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун катышуусунда өткөрүлгөн.

Онлайн жыйынга Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Нурлан Мусаев, Шералы Камчыбеков, Нургуль Бакирова, ошондой эле Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу, төраганын орун басарлары, райондук жана шаардык сотторунун төрагалары, тергөө судьялары, Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын өкүлдөрү катышышты.

Кеңешменин жүрүшүндө райондук жана шаардык сотторунун төрагалары тарабынан биринчи инстанция сотторунда 2023-жыл ичинде каралган иштери боюнча маалыматтар берилди.

Андан соң облустук соттун төрагасынын орун басарлары соттук коллегияга тиешелүү ар бир судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашырууда иштерди кароо сапаты жана жүктөмдөрү боюнча маалымат менен тааныштырышты. Ошондой эле иштерди кароодо келип чыккан суроолор талкууланды.

Мындан тышкары, апелляциялык инстанцияга даттанылган соттук актылардын бузулушу жана өзгөртүлүшү боюнча талкуулар жүргүзүлүп, биринчи инстанция сотторунун кетирген кемчиликтерине көңүл бурулду.

Жалал-Абад облустук сотунун кылмыш иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча төраганын орун басары Омурлан Тункатаров облустук сотко апелляциялык тартипте 782 даттанылып келгендигин маалымдады. Алардын ичинен жазык иш боюнча 390 иш, жорук иш боюнча 1 иш, жазык иштери боюнча сотко чейин өндүрүш 321 иш, укук бузуулар боюнча материалдарга карата 70 иш.

Жалал-Абад облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Альгис Шукуралиевдин берген маалыматы боюнча, Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык тартипте жарандык жана экономикалык болуп 1256 иш келип түшүп, анын ичинен жарандык иштер 1059 иш жана соттук материал 197 ишти түзгөн.

Жалал-Абад облустук сотунун административдик иштер боюнча төраганын орун басары Жекшеналы Курманбаевдин баяндамасы боюнча, өткөн жылы Жалал-Абад облусунун административдик сотуна 985 административдик иш келип түшкөн.


Ал эми күндүн экинчи жарымында Чүй облусунун жергиликтүү соттору маалымат беришти.

Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Улукбек Калыбеков, Ирина Горшковская, Жыргал Мурзалиева биринчи инстанциядагы соттордун 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, судьялар тарабынан сот иштерин кароонун сапаты тууралуу маалыматтар жана судьяларга жүктөлгөн жүктөм менен тааныштырды. Ошондой эле иштерди кароодо пайда болгон маселелер талкууланып, биринчи инстанциядагы соттордун апелляциялык тартипте каралган сот актыларын жокко чыгаруунун жана өзгөртүүнүн негиздери айтылды.

2023-жылдын статистикалык отчетуна ылайык Чүй облусунун жергиликтʏʏ соттору тарабынан 36 186 иш каралган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 2419 ишке же 7,16% пайызга көбөйгөн. Ал эми былтыркы 2022-жылдын отчеттук мезгилинде 33 767 ишти тʏзгɵн.

Апелляциялык тартипте 2023-жылы 2654 иш даттанылып, былтыркы жылга салыштырмалуу 630 ишке же 31,12 % пайызга көбөйгөн (2022ж. – 2024 иш).

Апелляциялык тартипте даттанылган иштердин сапаты боюнча 1673 соттук акты күчүндө калтырылган, жокко чыгарылганы 682, ал эми өзгөртүлгөн соттук актылардын саны 259 түзгөн.

Жылдык отчеттордон соң Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков судьялар өз ишин аткарууда, адамдардын тагдырын чечүүдө бир гана мыйзамга баш ийиши керек экендигин айтты. Сот иштери материалдык жана процессуалдык мыйзамдарда каралган талаптарга ылайык өз убагында так жана сапаттуу каралып, чечимдер мыйзамдуу жана негиздүү болууга тийиш экендигин эскертти.

Пикир

Оставить комментарий