• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте 300 байкер Манас айтуунун коштоосунда шаар кыдырат

Коом 0


Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Бишкекте 300 байкер заманбап аранжировкадагы Манас айтуунун коштоосунда шаар кыдырат.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024 мотосезонунун ачылышы “Айкөл Манас! Күч бирдикте” урааны астында өтөт.

“Ала-Тоо” борбордук аянтында “Билим Айтыш” долбоорунун жаш манасчылары Манастан баян айтып, салтанатты ачып берет.

Кызыктуу этно оюндар, мелдештер уюштурулуп, кыргыздын темир тулпарчан көк жалдары каалоочуларды тулпарларында ойнотот.

Иш-чара 27-апрелде борбордук «Ала-Тоо» аянтында саат 15.00дөн 16.30га чейин болуп өтөт.

Ал эми 2 чакырымга созулган мотожүрүш Аалы Токомбаев көчөсү, Абсамат Масалиев проспектиси (Жүрүш Түштүк магистраль), Чыңгыз Айтматов, Манас, Чүй проспектилери жана 7-Апрель көчөсүнөн өтөт.

Пикир

Оставить комментарий