• 88.68
  • 95
  • 0.95

15-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 15-апрелде өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +17...+22, Тала соблусунда +15...+20, Баткен облусунда +16...+21, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +14...+19 градус жылуу болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, абанын табы +19...+21 градус жылуу болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий