• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

10-ноябрда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 10-ноябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында +7...+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +11...+16, Нарын облусунда +3...+8 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +10...+12 градуска көтөрүлүшү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий