• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айыл чарба министрлиги: Генетикалык банктын үрөн фондун толук жаңылоо пландалууда

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Генетикалык банктын үрөн фондун 3 жылдын ичинде толук жаңылоо пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Генетикалык банктын коллекциясында кыргыз, орус, түрк, украин жана немис селекциясынын дан, буурчак жана май өсүмдүктөрүнүн 2 322 үлгүсү жана 23 жаңы сорту бар.

Белгилей кетсек, 2021-жылы жазгы айдап себүү боюнча 35 үрөн чарбасы менен 50дөн ашык келишим түзүлгөн. 50 млн сомдон ашык суммага жогорку түшүмдүү өсүмдүктөрдүн уруктары берилди. Өзбекстандан 500 тонна пахта үрөнүн, 1000 тоона элита, супер элита жана биринчи репродукциядагы (Аср жана Давр) күздүк буудайдын үрөндөрү алынып келди. Ал эми Казакстан менен 1000 тонна жогорку түшүмдүү жазгы эгиндерди бекер жеткирүү боюнча келишим түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий