• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте "Тазалык" ишканасынын атайын техникалары аукциондо сатылат

Коом 0

Бишкек, 10.02.24. /Кабар/. Бишкекте "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын техникаларын сатуу боюнча аукцион өткөрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аукцион 2024-жылдын 20-февралында өтөт.

Катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар бул техниканы сатып алуу үчүн 16-февралга чейин Чокморов, 246 дарегине арызын калтыруусу зарыл. Ачык аукцион 20-февралда саат 14:00дө болот.

Арыздар 2024-жылдын 16-февралына чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти, муниципалдык менчикти каттоо бөлүмү, 2-бөлмө.

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине, төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз: 0(312) 45-44-12; 0707 45-19-48.

Пикир

Оставить комментарий