• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги Чүй – Фучик көчөлөрүнүн кесилиши 3 күнгө жабылат. Себеби

Коом 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. 21-июлдан 23-июлга чейин Бишкекте канализациялык коллекторду реконструкциялоого байланыштуу Чүй - Фучик кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү каттамдардын схемалары жарым-жартылай өзгөртүлөт:

- 2, 10 маршруттар "Фрунзе заводунун" акыркы аялдамасынан эки тарапка Москва көчөсү менен жүрөт, андан ары маршрут боюнча.

- 14-маршрут Д.Сяопин проспектисинен Интергельпо - Московская - Бейшеналиева - Чүй көчөлөрү менен кетет жана андан ары машрут боюнча.

Пикир

Оставить комментарий