• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Стамбулдан Бишкекке келе жаткан учак аба ырайына байланыштуу Алматыга конду

Коом 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-январда Стамбул-Бишкек каттамы менен келе жаткан учак аба ырайына байланыштуу Алматы шаарындагы аэропортко конду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган учактын Алматыдан Бишкекке учуусу 30-январда саат 00:45ке пландалган.

Авиакомпаниядан кабарлашкандай, Стамбул-Бишкек каттамы менен келе жаткан учактын жүргүнчүлөрү тамак-аш жана мейманкана менен камсыз болгон. Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды.

Пикир

Оставить комментарий