• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Экс-президент Жээнбеков Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылды

Президент 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сотко күбө катары чакырылды.

Бишкек шаардык сотунан билдиришкендей, жактоочу тарап сотко Сооронбай Жээнбековду күбө катары чакыруу жөнүндө өтүнүч келтирди. Сот өтүнүчтү канааттандырып, чакырууну суранган жактоочу тараптын келишин камсыз кылууга милдеттендирди.

Эскерте кетсек, 2018-жылы экс-вице-премьер-министрдин декларацияланбаган үй, батир жана ири акча каражаты табылган. Мыйзамсыз боюу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Биринчи май райондук соту Зилалиевди 9 жылга эркинен ажыраткан. Зилалиевдин жактоочусу апелляциялык даттанууну Бишкек шаардык сотуна жөнөткөн. Ал эми соттолуучу өзүнүн күнөөсүн моюнуна алган эмес.

Пикир

Оставить комментарий