• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз артисттери Россияда футбол боюнча өткөрүлгөн чемпионатка катышат

Спорт 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Москва шаарында 8-16-июнь күндөрү “Арт-футбол” аталышындагы футболдук-музыкалык фестиваль болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинен билдирди.

Билдирүүгө ылайык, артисттер арасында футбол боюнча чемпионатка 16 өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Ал эми, Кыргызстандан эстрада жана кино өнөрүнүн чеберлери барышат. Алар: Адиль Чекилов, Атай Өмүрзаков, Тынай Алыбаев, Марат Ибраев, Руслан Сыдыков, Аскар Султаналиев, Алишер Ташматов, Алмаз Раимжанов, Еркинбек Кыдыкбаев, Рыскелди Осмонкулов жана башкалар.

Футбол оюндары “Локомотив” стадионунда өтөт. Ал эми М.Горький атындагы борбордук эс алуу багында россиянын эстрада жылдыздары, фестивалдын катышуучулары, алардын ичинде кыргызстандык артисттердин концерттери өтөт.

Фестивалдын ачылышы 8-июнда башталып, ошол эле күнү Кыргызстандын курама командасы Словениянын курама командасы менен беттешет.

Белгилей кетсек, 15-июнда саат 15.00дө М.Горький атындагы борбордук эс алуу багында Кыргыз Республикасынын эстрада жылдыздары концерт беришет.

Пикир

Оставить комментарий