• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстандын өспүрүмдөр курамасы футбол боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Футбол боюнча Тажикстандын өспүрүмдөр курамасы (U-16) Түштүк Корея командасын утуп (негизги убакыт - 1:1, пенальти 7:6), Малайзияда өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Беттеш 4-октябрь кечинде Куала-Лумпур шаарынын стадионунда өттү. Эсепти экинчи мүнөттө тажик курамасынын оюнчусу Озодбек Пенжиев ачты. Түштүк кореялык футболчулар оюн эсебин 39-мүнөттө теңешти – голду Ён Сук-Жу киргизди. Беттештин негизги жана кошумча убактысында жеңүүчү аныкталбагандыктан, тараптар пенальти тебишти. Анда ийгилик тажик футболчуларына жылмайып (7:6), дарбазачы Мухриддин Хасанов түштүк кореялыктардын жетинчи оюнчусунун соккусун тосуп койду.

Футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатынын финалында тажикстандыктар Жапония курамасы менен ойношот. Алар экинчи жарым финалдык беттеште австралиялыктарды 3:1 эсебинде утуп алышкан.

Буга чейин Зайниддин Рахимовдун тарбиялануучулары чейрек финалдык оюнда Түндүк Корея курамасынын үстүнөн жеңишке жетип, 2019-жылы Перуда өтө турган дүйнө биринчилигине жолдомо алышкан.

Тажикстандын өспүрүмдөр курамасы футбол боюнча Азия чемпионатына эки жолу — 2006 жана 2010-жылы катышкан.

Бул турнирде тажик футболчуларынын эң мыкты жетишкендиги — бул 2006-жылы Сингапурда өткөн чемпионатта уткан коло медалы. Анда үчүнчү орун үчүн болгон оюнда Тажикстан жана Сирия курамалары тең чыгып (3:3), пенальтиде тажикстандыктар күчтүү болуп чыккан (5:4).

Пикир

Оставить комментарий