• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте бильярд спорту боюнча Дүйнө чемпионаты жана биринчилиги өтөт

Спорт 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Бишкекте чоңдор арасында бильярддын "аралаш пирамида" түрү боюнча Дүйнө чемпионаты жана жаштар арасында "эркин пирамида" боюнча Дүйнө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-25-февраль күндөрү жаштар арасында "эркин пирамида" түрү боюнча мелдештер болсо, чоңдор арасында "аралаш пирамида" 27-февраль күнү башталып 2-мартка чейин уланат.

Жалпысынан мелдешке дүйнөнүн 20га жакын өлкөсүнөн 200дөн ашык спортчу катышаары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий