• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улан Примов Улуу Британиянын элчиси Николас Боулер менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууга Жогорку Кеңештин Улуу Британия Бириккен Падышалыгы жана Түндүк Ирландия, Ирландия менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Жанарбек Акаев да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери менен катар үстүбүздөгү жылдын март айында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Улуу Британияга визитин уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Улан Примов менен Николас Боулер Улуу Британиянын парламентинин жана аткаруу бийлигинин расмий өкүлдөрү менен пландалган жолугушуулар жана программалар боюнча пикир алмашты.

Улан Примов эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи жолу жогорку парламенттик деңгээлдеги мындай сапар күтүлүп жатканын белгиледи.

«КР Жогорку Кеңеши өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары бекемдөө боюнча мүмкүн болгон бардык күч - аракеттерди жумшоого даяр жана биз 2024-жылы Төраганын Улуу Британияга визитин эске алуу менен байланыштардын жогорку баскычына чыга алабыз деп ишенем», - деди Улан Примов.

Өз кезегинде, элчи Николас Боулер эки тараптуу кызматташтыктын оң нукта өнүгүп жатканын белгилеп, Жогорку Кеңештин төрагасынын сапары парламенттер жана мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоого түрткү болот деген ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, ал кыргыз парламенттик делегациясынын визитинин жемиштүү жана мазмундуу программасын өткөрүү үчүн элчиликтин Улуу Британиянын жана Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен биргеликте жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди.

Улуу Британия менен достук депутаттык тобунун жетекчиси, депутат Жанарбек Акаев Кыргызстан менен Британиянын ортосундагы мамилелердин азыркы абалын жогору баалады. Ал ошондой эле кыргыз эмгек мигранттарын Британиянын сезондук айыл чарба программасына тартуу маселесине токтолду.

«Кыргызстанда жумушсуздук – өлкөдөгү башкы көйгөйлөрдүн бири жана биз кыргызстандыктар үчүн квотанын 1 миңден 10 миңге чейин көбөйгөнү үчүн ыраазычылык билдиребиз", - деди ал.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы мамилелер мындан ары да жигердүү өнүгүп жана кеңейе берерине ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий