• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Талант Мамытов Татарстан жана Башкортостандан келген ишкерлер менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.08.22./Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Татарстан Республикасынын “Соода-өнөр жай палатасы” бирлигинин төрагасы Шамиль Агеев жана Башкортостан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Тимур Хакимов менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирет.

Ошондой эле жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Эмил Жамгырчиев, Аида Исатбек кызы жана Татарстан менен Башкортостандан келген ишкерлер катышты.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы жана анын субъектилери ортосунда экономикалык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланып, бул жаатта биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун зарылчылыгы көтөрүлдү.

Төрага Талант Мамытов тарыхый байланышы терең, боордош республикалар менен экономикалык кызматташтыкты арттыруу артыкчылыкка ээ экенин белгилеп: “2021-жылы Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 58 млн АКШ долларына жетсе, Башкортостан менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 39 млн АКШ доллары болгон. Ал эми быйылкы жыл башындагы көрсөткүчтөр былтыркыга салыштырмалуу өтө жакшы. Бул албетте чек эмес, экономикалык багытта мүмкүнчүлүктөрүбүз чоң. Андыктан ишкерлер ортосунда байланышты арттырып, энергетика, туризм, IT технология, машина куруу өңдүү тармактар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет”, – деди.

Муну менен катар 2011-жылы Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлгөнүн айткан Талант Мамытов анда бизнес коомчулуктун катышуусу менен ишкерчиликке тиешелүү көйгөйлөр каралып, мыйзамдык базаны чыңдоо маселелери талкууланарын кошумчалады.

Өз кезегинде Татарстан Республикасынын “Соода-өнөр жай палатасы” бирлигинин төрагасы Шамиль Агеев бул жолугушуу экономикалык кызматташтыктын келечеги үчүн маанилүү экенин белгилесе, Башкортостан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Тимур Хакимов ишкерлердин бул иш сапары бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөөрүнө токтолду.

Пикир

Оставить комментарий