• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жөлөкпул төлөөдө үй-бүлө кирешеси эсепке алынбайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12-июнь /Кабар/. Жарык дүйнөгө келген ар бир ымыркайга мамлекеттин эсебинен бир жолку сүйүнчүпул төлөнсүн деп демилгеленип жатат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, эгер бала өлүү төрөлө турган болсо анда аларга аталган каражат жайылтылбайт. Андан тышкары 3 жашка чейинки балдарга ай сайын берүүчү жөлөпулду белгилөө талаптары да коюлууда. Эгер 3 жаштан 16 жашка чейинки 3төн ашык балдары бар үй-бүлөлөр болсо алардын балдарынын бардыгына эмес 3-баласынан баштап каражат төлөнөт, - дешет демилгечилер. Бул тууралуу «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзам долбоорунда кеңири баяндалат. Бул маселе Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 12-июндагы жыйынында каралып, 3-окууда жактырылды.

Ишке жарамсыз жарандарга жана пенсия алууга укугу жокторго, ВИЧ-СПИД дартынан жабыркагандарга жөлөкпулдар боюнча каралган төлөмдөр дагы ушул эле мыйзам долбоорунда иреттештирилген.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытованын айтымында, ушул тапта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 279 миң балдары жөлөкпул алышат. Эгер сунушталып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынып калса, үй-бүлө кирешесин эсепке албастан туруп бардык балдарга бирдей жөлөкпул төлөнөт. Ошондо мындай каржылык колдоодон 660 миң бала пайдалана алышат,- деп билдирди Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий