• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Парламенттин Координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин Координациялык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйынга төраганын орун басарлары, фракция лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана аппараттын бөлүм башчылары катышты.

Төрага Нурланбек Шакиев Координациялык кеңеш парламенттин иш планын талкуулоо үчүн керектүү аянтча экенин белгилеп, андыктан ар сайын чогулуп туруу чечими кабыл алынганын эске салды.

Алгач 2023-жылдын февраль айына карата жыйындардын календардык планынын долбоору каралып, бир добуштан колдоо тапты.

Андан соң, Жогорку Кеңештин 2027-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясы талкууланып, Нурланбек Шакиев Координациялык кеңештин мүчөлөрүн 1 апта аралыгында долбоорго карата сунуш-пикирлерин берүүгө чакырды.

Ошондой эле жыйында депутаттарды тармактык комитеттердин отурумдарына жигердүү катышууга үндөгөн Нурланбек Шакиев: "Мыйзам долбоорлору комитеттерде кеңири талкууланса, аны жалпы жыйында кароо жеңил болот. Анткени, эл аралык тажрыйбада да бардык маселе комитеттерде такталып, пленардык отурумга добуш берүү үчүн эле киргизилет. Андыктан аталган жагдайга көңүл бурсаңыздар", - деди.

Муну менен катар жыйындарды натыйжалуу өткөрүүдө депутаттардын толук катышуусу маанилүү экени айтылып, себепсиз келбей койгон көрүнүштөрдү азайтуу маселеси көтөрүлдү.

Кеңеште фракциялардын лидерлери жана комитеттердин төрагалары да парламенттин ишмердүүгүнө байланышкан бир катар сунуштарды беришти.

Пикир

Оставить комментарий