• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров: Кийинки жылы аз алган бюджет кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Кийинки жылы аз айлык алган мамлекеттик кызматкерлердин маянасын теңегенге аракет кылабыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Айбек Алтынбеков бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын канчага көтөрүү пландаштырылып жаткандыгына кызыкты.

Акылбек Жапаров эл өкүлүнүн суроосуна жооп берип жатып, бюджеттик уюмдарга маяна көтөрүлгөндүгүн айтты. "Жакшы эле көтөрдүк. Бюджеттеги каражатты аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жумшоону пландап жатабыз", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Депутат кайрадан сөз алып, айлык акы көтөрлүгөндүгүнө карабастан азыркыга чейин айрым кызматкерлер 7 миң, 14 миң жана 20 миң сомдон алып жатканын кошумчалады.

"Биз маянаны теңегенге аракет кылабыз, алгач аз алган кызматкерлердин айлыгын көтөрүш керек. Аз алгандардын айлыгы көтөрүлүшү керек. Мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров да койгон. Мамлекет башчысы 70 миң сомго чейин алгандардыкын азырынча көтөрбөгүлө деген", - деп жооп берди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий