• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге карата саясат кайра каралышы керек - Исакунова

Коом 0

Бишкек, 20.09.17. /Кабар/. “40 кадам” программасынын алкагында ар бир аймакта социалдык кымзаттарды көрсөтүүнүн туруктуу системасы түзүлөт. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова Ысык-Атадагы социалдык өнүктүрүү башкармалыгына барганда билдирди.

Анын айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге карата саясат толугу менен кайра каралып чыгышы керек.

“Кыргызстандын бюджетинен бөлүнгөн бардык акчалар мүмкүнчүлүгү чектелгендерге алардын керектөөлөрүн эске алуу менен сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталышы керек”, - деп белгиледи министр.

Өз кезегинде Ысык-Ата райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Медет Азыков райондун аймагында 35 соцкызматкер 45 жалгыз бой мүмкүнчүлүгү чектелген жаранды тейлей турганын маалымдады.

Мындан тышкары, 140 аз камсыз болгон үй-бүлөгө ай сайын балдардын жөлөк пулу төлөнөт. “Быйыл 22 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран курортторго жолдомо жана 18 майып адам кресло-коляска алышты”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий