• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жарым млн сом, таттуулар жана оюнчуктар. УКМК кызматкерлери "Нур+" реабилитациялык борборуна барды

Коом 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитеттин (УКМК) кызматкерлери "Ден соолук үчүн бирге" коомдук фондунун "Нур+" реабилитациялык борборундагы майыптыгы бар балдарды жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.

Салтанаттуу аземде башкармалыктын кызматкерлери КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атынан мекеменин жалпы кызматкерлерин жана балдарын келе жаткан майрамы менен куттуктап, бардыгына бекем ден соолук каалашты.

Андан соң КР УКМК жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан борбордун материалдык базасын чыңдоого 500 миң сом, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн таттуулар жана оюнчуктар тапшырылды.

Өз кезегинде реабилитациялык борбордун жетекчилиги КР УКМКнын жетекчисине жана кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, жардамдарынын натыйжасында 2021-жылы 1 миллион сом, 2022-жылы 500 миң сом ижара акысына жумшаганын айтты.

Атайын кызматтан билдиришкендей, УКМК төрагасы бул реабилитациялык борборго регулярдуу түрдө колдоо көрсөтүп келет.

Жыйындын соңунда аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий