• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Кабар” КУМА Кыргызстандагы ЖМК арасында өзгөчө орунду ээлейт - Жээнбеков

Коом 0


Бишкек,07.12.17./Нуркыз Сабырова - Кабар/.Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын арасында өзгөчө орун ээлеп, эл аралык деңгээлде да таанымал. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин 80 жылдык мааракесине байланыштуу куттуктоо текстинде айтылат.

Бүгүн, Алыкул Осмонов атындагы китепканада “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги 80 жылдык маарекесин белгилеп, бул күнгө арналган конференция өттү.

Агенттикти маарекеси менен куттуктоо үчүн президенттин, өкмөттүн, мамлекеттик органдардын, Кыргызстандагы эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү, ЖМК кызматкерлери келишти.

“Кабар” агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев улуттук агенттиктин тарыхы Кыргызстандын тарыхы менен тыгыз байланыштуу экенин, бүгүнкү күнү улуттук ЖМК Кыргызстандагы болуп жаткан окуялар тууралуу ишенимдүү маалыматтарды жайылтуу менен дүйнө жүзүн камтыган анча көп эмес медиа уюмдардын бири экенин айтты.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосунун текстин толугу менен келтиребиз:

“Урматтуу "Кабар" маалымат агенттигинин эмгек жамааты!

Сиздерди 80 жылдык мааракеңиздер менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын арасында өзгөчө орун ээлеп, эл аралык деңгээлде да таанымал.

1936-жылы СССРдин курамында Кыргызстан республика макамына ээ болуп, өзүнүн туусун, гербин жана гимнин кабыл алгандан кийин, 1937-жылы “КыргызТАГ” аты менен таанымал маалымат агенттигин түзгөн. Ошондон бери маалымат агенттиги өлкөбүз менен бирге кадам шилтеп, республикабыздын коомчулугуна жана эл аралык аренага оперативдүү жана объективдүү маалыматты жеткирип келет.

Кылымдар оошуп, заман жаңыланганы маалымат каражаттарынын милдети дагы өзгөрдү. Жаңы шарттарда да “Кабар” мезгил талаптарына ылайык өз милдетин татыктуу аткарууда. Жаңы технологияларды колдонуу менен, ондогон мамлекеттердин маалымат каражаттары, алардын арасында Россиянын ТАСС, Беларустун “БелТА”, Казакстандын “Казинформ”, Кытайдын “Синьхуа” өңдүү таанымал агенттиктери менен тыгыз иш алып барууда.

Учурда дүйнөдө маалыматтын баалуулугу күн өткөн сайын өсүп баратат. Ушул жагдайды эске алуу менен агенттик мультимедиалык ыкмаларды колдонуп, өзүнчө телестудия ачканы, алты тилде чет элдик окурмандарга – болочоктогу инвесторлорго, анын ичинде кытай жана араб тилдүү ишкерлерге Кыргызстан тууралуу кеңири маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзгөнү жакшы саамалык. “Кабар” ар дайым мезгил менен үзөңгүлөш жүрүүгө милдеттүү.

Кыргыз улуттук маалымат агенттиги кылымга тете тарыхында калыптанган жакшы салттарын татыктуу улантып, тактыгы жана обьективдүүлүгү менен алдыңкы сапта болуп, маалымат мейкиндигиндеги Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде татыктуу алып жүрөт деп ишенем.

Агенттиктин кызматкерлерине чың ден-соолук, бакыт-таалай жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм",-деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоо текстинде.

Пикир

Оставить комментарий