• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы компанияларды алкоголдук жана тамеки продукциясы боюнча пилоттук долбоорго кошулууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. КР Мамлекеттик салык кызматы компанияларды алкоголдук жана тамеки продукцияларын санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорго катышууга чакырат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстандын аймагында 2020-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилген пилоттук долбоорго катышуу компанияларга Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы токтомуна ылайык өлкөнүн аймагында 2021-жылдын 1-июлунан тартып киргизилүүчү алкоголдук жана тамеки продукциясынын милдеттүү түрдө маркаланышына даярданууга мүмкүнчүлүк берет.

Бүгүнкү күндө долбоордо 17 компания, анын ичинде тамеки продукцияларын жүгүртүүнүн 5 катышуучусу жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана импорттоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн 12 субъект сунушталган. Алар «Top-Notch» ЖЧКсы - Japan Tabaco International расмий дистрибьютору, «Stella Group» ЖЧКсы - Philip Morris расмий дистрибьютору, «Табак Торг Сервис» ЖЧКсы - British American Tabaco расмий дистрибьютору, «Империал Тобакко Кыргызстан» ЖЧКсы - Imperial Tabaco расмий дистрибьютору; «Алкозай-СЭЗ» ЖЧКсы, ошондой эле «Кыргыз Коньягы», «Аю», «Столичный винно-водочный завод», «Бишкек Алко Пром», «FORESTER», «Аламан Трейд», «Вега Вет», «ДК Мастер и Ко», «Cronatrade», «Большая медведица», «Легион Азия Дистрибьюшн», «Винотека» ЖЧКлары.

Пилоттук долбоорго катышуу үчүн "Альфа Телеком" ЖАКтын тейлөө борборлоруна төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

Бишкек шаарында:

- Чыгыш-5 кичи району, Чүй проспекти, 32/б, «Изумруд» СБ жанында;

- Кожевенная көч, «Дордой» базары, 15-өтмөк, № 60-61 конт. ("Бут кийимдер дүйнөсү");

- Чүй проспекти, 204, «Берекет Гранд» СБ, 0-кабат;

- Айтматов проспекти, 3, «Asia Mall» СБ, 0-кабат.

Ош шаарында - Масалиев проспекти, 2 (Каныкей эстелиги жакта).

Кара-Суу шаарында – Бакиев көч. номери жок (К. Жакыпов ат. мектеп-интернаты жакта).

Товарларды маркалоо боюнча кошумча маалыматты «Текшер» системасынын https://main.teksher.kg расмий сайтынан, ошондой эле МСКнын Маалымат борборунан акысыз 116 же 0 999 333 999 номерлери аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий