• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лукашенко президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Туулган күнүңүз менен чын дилден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Бүгүнкү күндө Сиздин жетекчилигиңиздин алдында Кыргызстан динамикалуу өнүгүп, социалдык-экономикалык кайра куруулардын жолуна түшүп, эл аралык аренада тең салмактуу позицияны ээлеп, интеграциялык бирикмелерге төрагалык кылууну ийгиликтүү ишке ашырууда.

Биздин мамлекеттердин ар тараптуу тилектештиги жана өз ара колдоосу бардык деңгээлдеги беларусь-кыргыз диалогун өнүктүрүүгө мындан ары да көмөктөшүп, заманбап чакырыктарга натыйжалуу каршы тура тургандыгына ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Александр Лукашенко Садыр Жапаровго бекем ден соолук, тынчтык, жакшылык, бардык пландарды жана милдеттерди ийгиликтүү ишке ашырууну каалады.

Пикир

Оставить комментарий