• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

25-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 21-январдан 25-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

21-25-январларда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

21-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

22-январда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

22-январда эртең менен, күндүз жана 23-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

23-январда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

25-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-январда жана 23-январда түнкүсүн кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

21-25-январларда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

21-январда жана 22-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-январда эртең менен, күндүз, 23-январда жана 24-январда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

24-январда күндүз жана 25-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-январда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-25-январларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

21-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

22-январда түнкүсүн Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

22-январда эртең менен, күндүз жана 23-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

23-январда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-январда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда, кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

25-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 22-январда жана 23-январда түнкүсүн кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

21-25-январларда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

21-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

22-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-январда эртең менен, күндүз жана 23-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

23-январда күндүз жана 24-январда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-январда жана 23-январда түнкүсүн кээ бир райондордо 17-22 метрге, 23-январда күндүз жана 24-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-25 -январларда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

21-январда жана 22-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-январда күндүз, 23-24-январларда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

25-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-январда күндүз жана 23-24-январларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-25-январларда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

21-январда жана 22-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-январда эртең менен, күндүз жана 23-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

23-январда күндүз жана 24-январда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-январда жана 23-январда түнкүсүн кээ бир райондордо 17-22 метрге, 23-январда күндүз кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий