• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

+40 градуска чейин. Кыргызстанда аба ырайынын кескин ысышы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Республиканын аймагында эртеңден тартып аба ырайынын кескин ысышы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 5нен 7-июнга чейин Кыргызстанда ысык аба ырайы күтүлүп, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38…40 градуска чейин, Талас өрөөнүндө 36…38 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий