• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде миллиондогон акчаны мыйзамсыз ташып жүргөн жаран кармалды (видео)

Укук тартиби 0


Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Баткенде миллиондогон акчаны мыйзамсыз ташып жүргөн жаран кармалды, деп билдирет облустук милициянын маалымат кызматы.

Милициянын билдирүүсүнө караганда, Кадамжай районунун коңшу Өзбекстан менен чектешкен Алга айылынын 32 жаштагы И.И. аттуу тургуну кармалды. Ал өзү башкарган ураасында коңшу мамлекеттен аткезчилик жол менен мыйзамсыз акчаларды алып өтүп жаткан жеринен колго түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө эки капка таңгакталып салынган акча каражаттары табылган — 11 млн 700 миң рубль жана 110 миң АКШ доллары.

Аталган факт облустук милициянын кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш жаза кодексинин 231-беренесинин ("Экономикалык контрабанда") негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий