• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Астана өкмөттү 520 млн. доллар төлөтүү тууралуу АКШ сотунун чечими боюнча даттанат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.03.18 /Кабар/. Астана өлкөнү молдовалык ишкер Анатол Статиге 520 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген арбитраждык чечим боюнча Казакстандын жүйөлөрүн кароодон баш тарткан АКШ сотунун чечимине даттанат.

Казакстан жалпысынан төрт миллиард доллардан ашык суммага доо арыз жазган молдовалык инвестор Анатол Стати жана анын эки компаниясы менен соттошууда. 2013-жылы декабрда Стокгольмдогу арбитраждык трибунал Астананы компенсация катары Статиге 500 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган.

Казакстан бул сумманы төлөөдөн баш тартып, ишкер менен анын компанияларына каршы Вашингтон округдук сотуна доо арыз берген.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, АКШнын округдук соту Анатол Статинин кайрылуусу боюнча «арбитраждык чечимди мажбурлап аткартуу тууралуу» 23-мартта өкүм чыгарды. «АКШнын округдук соту Казакстанга өзүн коргоп, алдамчылыктар тууралуу өз жүйөлөрүн келтирүүгө мүмкүндүк берген жок. Казакстан бул чечим боюнча даттанат», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Казакстандын мунайгаз тармагына инвестиция салган Стати казак бийлигинин аны инвестициялардан кол жуудуруу аракетинин курмандыгы болгонун билдирүүдө. Астана бул айыптоолорду четке кагып келет.

Бул ишке байланыштуу өткөн жыл соңунда Казакстандын Улуттук фондуна таандык 22 миллиарддан ашык доллар тоңдурулган.

Пикир

Оставить комментарий