• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз делегациясы Ташкентте Айтматовдун 94 жылдыгына арналган адабий кечеге катышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 16.12.22. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов жетектеген делегация Ташкент облусундагы Паркент районунда №33 жалпы орто билим берүү мектебинде кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 94 жылдыгына байланыштуу "Чыңгыз кече" адабий-чыгармачыл иш-чарасына катышты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине аталган мектептин директору Кубанычбек Жаматов билдирди.

Адабий кечеде Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы, жазуучунун учкул сөздөрү, жазуучуга арналган ырлар, кыргыз улуттук бийлери, "Манас" эпосунан үзүндү жана анын "Биринчи мугалим" чыгармасынан сахналык көрүнүштөр орун алды.

Кечеде Койчуман Момункулов, Кыргыз эл акыны Кыялбек Урматалиев, Маданият министрлигинен адиси Ренат Бакиевдер конок болушуп, мектеп китепканасына адабий китептер жана чыгармачыл топко улуттук кийимдерди белек кылышты.

Эскерте кетсек, Ташкент облусунун Паркент районундагы №33 жалпы орто билим берүү мектеби республикадагы жалгыз толук кыргыз тилинде билим берилген мектеп болуп саналат, 2018 жылы бул жерге жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бюсту коюлган.

Пикир

Оставить комментарий