• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан бийлиги YouTube, Facebook, Instagram жана Twitter тармактарын жабуу менен коркутту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.03.18 /Кабар/. Казакстан бийлиги республиканын аймагында YouTube, Facebook, Instagram жана Twitter тармактарын жабуу менен коркутту. Казакстандык колдонуучулар үчүн экстремисттик катары таанылган “Демократиялык шайлоо” партиясынын материалдарына чектөө киргизилбесе, мындай чаралар көрүлөт.

Казакстан Республикасынын Маалымат жана коммуникация министрлигинин маалыматына ылайык, 13-мартта ведомство Youtube, Facebook, ВКонтакте, Одноклассники, Twitter, Instagram интернет ресурстарынын жана Telegram мессенджеринин дарегине Казакстандын колдонуучулары үчүн аталган партиянын материалдарына чектөө киргизүү же аларды өчүрүү тууралуу соттун чечимин аткаруу зарылдыгы жөнүндө расмий билдирүү жөнөткөн.

“Бүгүнкү күнү ВКонтакте, Одноклассники интернет-ресурстардын адмиинстрациялары тарабынан Казакстандын аймагынан белгиленген материалдарга колдонуучулар үчүн чектөө киргизүү чаралары көрүлгөн. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 26-мартына карата ДШ материалдары жана топтору Instagram ресурсунан жана Telegram мессенджеринен айрым түрдө өчүрүлгөн”, -деп билдирди Маалымат комитетинин төрагасынын орун басары Ляззат Суйндик Informburo.kz суроосуна жооп берүүдө.

Youtube видеохостингинин, Facebook жана Twitter соцтармактарынын администрациялары тарабынан эскертүү каттары каралууда, деп билдирди комитеттен.

Белгилей кетсек, экстремисттик катары таанылган ДШ партиясынын активисттерине карата Казакстандын беш аймагында кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий