• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Европарламент депутаттарын Казакстандагы адам укуктарынын абалына көңүл бурууга чакырышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 25-февралда Нур-Султанда ондогон активисттер менен көп балалуу энелер Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдына чогулуп, Европарламенттин депутаттарын Казакстандагы адам укуктарынын бузулушуна көңүл бурууга чакырышты.

Акция Нур-Султан жана Алматы баштаган бир катар шаарларда өткөн тынч демонстарциялар учурундагы жапырт камоолордун тушунда өтүп жатат. Казакстан ИИМинин маалыматы боюнча, 22-февралда 53 киши кармалып, ону административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул укук коргоочулар айткан сандан алда канча аз. Алардын эсебинде Казакстанда жалпысынан 300дөн ашуун киши кармалган.

Чогулгандар Казакстанда демократия жок экенин, өкмөт алардын үнүн укпай жаткандыктан, европалык депутаттардын көңүлүн бурууну чечишкенин билдиришүүдө.

Акцияга чыккандар: “Кытай экспаниясына жол бербейбиз”, “Саясий туткундарга боштондук”, “Мухтар Жакишевге боштондук” деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушат.

25-февралда Европарламенттин бир нече депутаты Казакстан – ЕБ парламент аралык кызматташтык комитетинин жыйынына катышуу үчүн Нур-Султанга келген. Алар жергиликтүү укук коргоочулар жана активисттер менен жолугушат.

2017-жылы декабрда Европа парламенти Казакстан менен кеңири өнөктөштүк тууралуу келишимди жактырган. Документте ондогон тармактарда, анын ичинде экономика жана соода багытында кызматташуу каралган. Укук коргоочулар Казакстанда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына шарт түзүү – бул келишимдин талабы болушу керек экенин бир нече жолу эскертишкен.

Пикир

Оставить комментарий