• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Айдит Эркин Европа Кеңешинин президентине ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын Белгиядагы элчиси Айдит Эркин Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тапшыруу аземинин алкагында орун алган сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчи Айдит Эркин Европа Кеңешинин президентине КР президенти Садыр Жапаровдун каалоо-тилектерин айтты.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык жана "Борбор Азия - Европа Биримдиги" форматындагы аймактар аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн жана бекемдөөнүн келечеги талкууланды. 2023-жылы жогорку жана бийик деңгээлде жолугушууларды жана байланыштарды уюштуруу пландарын дагы талкуулашты.

Кыргызстандын элчиси Европа Биримдигинин көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди жана жаңы багыттар боюнча кызматташууну мындан ары кеңейтүү каалоосун белгиледи.

Шарль Мишель элчини кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы мамилелерди мындан ары да чыңдоого бардык күч-аракетин жумшаарына ишенимин билдирди жана миссиясында ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий