• 88.68
  • 95
  • 0.95

Курманкул Зулушев Британиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 25.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 25-августта Башкы прокурор Курманкул Зулушев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосунда кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жана укуктук маселелер боюнча кызматташтыкты бекемдөө тууралуу талкуу жүргүзүлдү.

Тактап айтканда, Кыргызстан менен Улуу Британия ортосунда жазык иштери боюнча өз-ара жардам көрсөтүү тууралуу келишимди жана эки мамлекеттин компетенттүү органдарынын ортосунда эл аралык кылмыштуулуктун ар түрдүү формасына биргеликте туруштук берүү максатында меморандумду түзүү жана буга ылайык тийиштүү иш-чараларды уюштуруу жөнүндө кеп козголду.

Өз кезегинде элчи Николас Боулер Башкы прокурор Зулушевдин айткан сөздөрүнө британ тарап терең маани берүү менен көңүл бураарын жана элчилик тарабынан бул багытта маселелерди алдыга жылдыруу боюнча колдоо болоорун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий